Эр жоокер, катарда кел,
Кадамыңды таштап, көкүрөк кер.
Ар-намыстуу жоокерлербиз,
Антыбызды биз бергенбиз,
Баатыр кыргыз элденбиз.
Кайырма:
Ээ-эй, чилтен, чилтен, кадамды бек таштайлы,
Манас ата колдоп, эркиндикти коргоп,
Ата Журтту сактайлы.
Куралдар колумда бар.
Кайратымды бөлөп курчутат ал.
Машыгуудан чыңалганбыз,
Шамдагайлуу кыраандарбыз,
Чеп коргоого дапдаяр.
Кайырма:
Элимдин, жеримдин,
Махабатка бүткөн Теңиримдин
Ишенимин аткарабыз,
Турмуш жолго такшалабыз.
Биз балдары Теңирдин.
Кайырма:
Элмира Кайып кызы — Эр жоокер тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 420