Кайдан жүрүп сага кабылдым?
Карегиңде барбы жалының?
Жанды эритип жумшак күлгөнүң,
Жарыгыбы аткан таңымдын?
Булбулсуңбу куштар багына,
Анда келип кончу шагыма.
Кучагымдан орун берейин,
Күттүм сени,күлкүң сагына.
Кылгырасың мага мынчалык,
Карегиңден сырлуу нур тамып.
Жазым болсоң жыпарыңды чач,
Жадырасын жаным тынч алып.
Элмира Кайып кызы — Жазым келчи тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 978