Сүйөм сени кыргыз жери
Сүйөм сени жанымдай
Түн жок сенин
Түнүңө окшош
Таң жок сенин татыңдай
Ташты жарып
Обон салып
Туйлап акса булагың
Жашыл арча гүлдүн жыты
Кимдин жазбайт кумарын
Асыл жерим ардагымда
Арналат сага ырларымда
Элдин энчи
Байлык кенчи
Керме тоону талааны
Бак-даракка саймаланган
Сүйөм кыштак калааңды
Жерде жаткан
Көп-көк асман
Дегим келет
Көлдүн дагы жашарууга
Жашарууга
Жериң алтын
Жайың салкын
Кышың жылуу ар качан
Сен турасың көңүлүмдө
Качан кайда барбасам
Кыргыз жери
Малдын кенчи
Дандын кени бир өзүң
Эльнура Муктарбек — Кыргыз жери тексти
Датасы: 27.12.2024 Көрүүлөр: 372