Ай-аалам жаралганда, жерге жан-жаныбарлар таралганда эшек кулак тартылып жатканын угуп жөнөп калат. Ал кулак эмне экенин деле билчү эмес, тек эл дүрбөсө кошо дүрбөдү, кулак таратылып жаткан жерге жетип барат, кыйкырык салат:

— Кулак ушул жерде таратылып жатабы?

— Ооба, — деп жооп беришет таратуучулар.

— Кандайлары бар?

— Ар түрдүүсү: кичинеси, чоңу, тегереги, чулугу, мулугу…

— Баасы канча?

— Кулактар Кудайдан бекер тартылып жатат.

“Бекер таратылып жатса кайсы келесоо кичинесин алмак эле” деп ойлонгон эшек эң чоңун сурайт. Бирок чоң кулактын чоң жоопкерчилиги бар экен: адамдар кессе чоң кесет, бадал араласа тыттырат, чымын-чиркей көп чагат, куурайлар арасынан от искесе тоскоолдук кылат…

Кыскасы, эшек ошондогу ач көздүгү үчүн ушинтип көп азап тартып келет.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алтын балык17
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)16
Көмөч нан (колобок) жомок14
Акылдуу кыз11
Жетим менен сыйкырчы жомок11
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок10
Кыска жана күлкүлүү жомоктор9
Дервиштин кызы7
Жарык жол7
Акылдуу балдар5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *