Өзүңдү сүйгөн күнөөмдү
Өрттөндүм аргам түгөндү
Ашыктык гүлүң ачылсын да
Жүрөккө сепчи үрөндү
Өкүнүп улам кездешип
Өмүр ал учкун кез дечи
Жазыксыз сүйүүп калганга да
Касымдай мени эзбечи
Адамда ар сыр кыял бар
Айталбайт аны уяңдар
Өчпөгөн көңүл чолпону да
Өзүңө мендей улан зар
Дартыңды ачуу далалат
Дабаңдап сүйүү аманат
Суу бүркүп үмүт отуна да
Жүрөктү кетпе жаралап