Күн дагы бүркөлдү адамдын кабагындай
Турмуштун үзүлөр алманын сабагындай
Кыргызым ыйлаба күн тиер сага да
Намыстуу эр чыгат буйруса бактыңа
Кайырма:
Ыйлаба кыргызым бөксөрбөйт ырысың
Азап күндөн алып чыгат
Буйруса уул кызың
Базарда көр турмуш
Кыйналдың сен бир укмуш
Күдөрүң үзбөчү болор чоң бурулуш
Кайырма:
Демиңе дем берем мукамдуу ыр менен
Тирүүлүк жөнүндө жашаймын эл менен
Элимди ырысын кемиткен адамдар
А дүйнө барганда бир кудай жазалар
Тийбечи суранам элимдин нанына
Убалы кыргыздын уктатпайт сени да
Оа
Соонун ыр экен Ушул ырга Москвадагы мекендештерибиздин жашоосун Тарса жакшы болмок
Во аябай соонун! Бирок ката бар экен Жөнүндө эмес Дөңүндө
Во аябай соонун! Бирок ката бар экен Жөнүндө эмес Дөңүндө