Биздин башка эмне келип кетпеген?
Эң башкысы амандыкка жетпеген.
Кайда жүрбө, кандай күнгө кабылба,
Досум, кайгырба, тагдырга.
Кайырма:
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.
Кыянат кылба тагдырыңда не бар билбейсиң,
Бой көтөрбө сен өлүм үчүн бирдейсиң.
Түбөлүк жашоо болбос, досум, ойлон ушул дүйнөдөн,
Даяр бол, балким, эртең биз да кетербиз.
Кайырма:
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Жалган жашоо дүйнөдө,
Жаңылбагын, досум, ай.
Алтын башың аманда,
Шүгүр кылгын кайгырба.
Кайда жүрбө, кай жерде,
Тагдырыңа таарынба.
Кээде өйдө, кээде жай,
Жашоо деген ушундай.
Өмүр өтүп баратканын,
Сезбейбиз го байкабай.
Кайырма:
Ильяс Кудретов — Өмүр, ай тексти
Датасы: 17.09.2020 Көрүүлөр: 9361
Тексти жазып койгонуңуздарга рахмат!
азиз мурадилаев катышты эле ушу ырдын клибине
Ооба, катышкан
Аябай жакшы ыр тушунуп уккандарга!