Аттиң кылып калба кийин сен,
Жүрөгүмдөсүң эгер билсең,
Эч ким сени мендей сыйлабас,
Кадырыңа билгин жете албас
Сүйүү деген оюнчук эмес,
Жалгыз жүргөнүң башка кез.
Жети өлчөп бир кесүү керек,
Анан кийин болуп калат кеч.
Кайырма:
Жайна, жайна, жайна гүлүм жаз гүлүндөй жайна,
Кайда, кайда, кайда барасың сен алыс кайда?
Сен ойлогон жеңил ойлор билсең, жаным, бербейт сага пайда
Андан көрө кайыл болуп издегин асылым жакшы айла.
Боло бербейт ойлогонуңдай,
Өйдө-ылдый жашоо ушундай.
Сабыр түбү сары алтын деген,
Сөзгө тура албаймын кошулбай.
Кайырма:
Ильяс Кудретов — Жайна тексти
Датасы: 24.09.2020 Көрүүлөр: 1933