Качандыр бир заманда канаттуулар жайык аңызга жыйналыш уюштуруп, куш төрөнү шайламай болушат. Чогулгандардын арасында: шумкар, кунас, чыйырчык, жылкычы чымчык, ак куу, торгой, карга, ал эмес кибиреген кенедей бир куу чымчык да бар экен. Канаттуулардын ар бири эле төрө болуп шайлангысы келиптир.
Бирок алдыга чыгып эч кимисинин «мен» дегенге ооздору барбайт. Баары чуру-чуу, күрү-гүү. Бир убакта калдайган канатына ишенип, алдын ала ой жоруп турган кунас мындай дейт:
– Кимде ким баарынан бийик уча алса, төрөбүз ошол болсун.
Анын айтканын башкалары да туура көрөт. Кунас ошондо узун тумшугун «тарс» кагаар замат канаттуулар асманга көкөлөйт. Адегенде жерге кекилик, андан көп өтпөй тоок томолонуптур.
Томолонуп түшкөндө да томугун чыгарып ала сактайт. Башкаларалынын жетишинче учушту, бирок баары эле тез-тез биринин артынан бири чарчап, асманда кунас менен шумкар калат. Алар те бийикте көрүнөр көрүнмөксөн болуп калганда, кунастын да канаттары чарчайт. Ал да тез эле кайтып келет.
Асманда жалгыз калган шумкар шаңшый баштайт:– Төрөңөр мен болдум! Ме-еен! Кимиң мендей бийик уча аласың?
Ошол убакта «мен!» деген кенедей куу чымчык зып коюп, шумкардан да бийик көккө учуп чыгат.
Анан ал:
– Төрөңөр мен болдум! – дебеспи. Көрсө, ал шумкардын белине жерден эле минип алыптыр. Мингенде да ал баятан башкалардын чарчай турган маалын күтүп отурган экен.
Асмандагы шумкар көктү карай жакшы эле шукшурулат, арийне, чарчаган канаттары кенедей чымчыкка жеткирмек беле. Бирок кенедей куу чымчык төрө болгусу келген менен баарыбир уятка калыптыр.
Кийин өз кылыгынан уялып, өмүр бою бадалдын түбүнөн чыккыс болот. Анткени аны канаттуунун баары:
– Төрөбүз, төрөбүз, сени качан көрөбүз, – деп азыркыга чейин шылдыңдашат дейт.