Карышкыр менен түлкү аудиосун угуу

Карышкыр менен түлкү 2

Карышкыр менен түлкү токойдо жортуп келатышты.  Түлкү тузакка алдооч катары илинген казды көрдү. Ал  ачка  болчу, бирок  казга тийсе тузакка түшөрүн түшүнүп, катуу тамшанды. Муну байкаган бөрү сурады:

–  Түлкү курдаш, эмне мынча тамшандың? Же майлуу тамактын жытын алдыңбы?

–  Жыт алмак тургай өзүн көрүп турам, тигинде семиз каз илинип турат. Жегим келет, бирок…–  деп ал дагы катуу тамшанды.

–  Эмне бирок? Менден мурда жегенден тартынып турасыңбы? Же мени сыйлагың келип жатабы? Жегиң келсе жей бер, сыйыңа ыракмат. Мен токмун, сен ачка экенсиң, жей бер,–  деди.

–  Кеп анда эмес… Мен орозодо болчумун. Ошон үчүн жей албайм. Сен жей бер. Сенин жегениң менин жегеним,–  деди түлкү.

Досуна ичинен ыраазы болгон карышкыр карагайда илинип турган казга секиргенде  тузакка түшүп, каздын ордуна өзү салаңдап асылып калды. Каз болсо ыргып келип түлкүнүн астына түшүп калды.  Түкөң казды баса калып, жүндөрүн бырпыратып, сөөктөрүн кычыратып жей баштады.

–  Досум, сен орозо эмес белең?–  деди тузакка илинип, айласын таппай калган карышкыр.

–  Ооба, биринчи тамак табылганга чейин орозодо болчумун,–  деди каздын майлуу этин кулк эттире жутуп жиберген түкөң.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы55
Акылдуу кыз жомок38
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)37
Суйуу жөнүндө жомок36
Алтын балык31
Акылдуу балдар22
Карышкыр жана жети улак22
Кыска жана күлкүлүү жомоктор22
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ20
Акыл карачач18

Карышкыр менен түлкү: 8 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *