Бак аралап бара жатсам, капилеттен кезиктиң,
Ажарланган ошол күнү мендик болуп сезилдиң.
Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес, тогуз жаш,
Эмнеликтен болуп кумар ак сүйүүгө болдум мас?
Жадыраган жазгы кечте жан дилимден берилдим,
Махабатым жетип чекке билбейм неге эриктим.
Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес, тогуз жаш,
Эмнеликтен болуп кумар ак сүйүүгө болдум мас?
Кенже красотка, знай лишь одно,
Ты в небе как звезда, я на земле
Смотрю на тебя, каждый день о тебе вспоминаю,
О красивой Кенже я мечтаю,
Хочу быть с тобой рядом всегда,
Трудности и радости вместе пройдя,
Тебе я посвящаю красивые слова ни только слова
Бардык жакшылыкты каалайм сага, Кенже эже!
Шайырланып ошол күнү өткүр элең, шок элең,
Ачылат деп сүйүү гүлүн арзуу күткөн жок элем.
Ортобузда айырма бар бир, жыл эмес, тогуз жаш,
Эмнеликтен болуп кумар ак сүйүүгө болдум мас?
Чоктой ысып жалындадым, кучагыңдын ысыгын,
Ортобузга чырак жакты бал сүйүүнүн кызыгы.
Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес, тогуз жаш, ай,
Эмнеликтен болуп кумар ак сүйүүгө болдум мас?
Кенже Дүйшеева — 9 жаш тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 3842
Ырдын сөзү орусча болуп жазылганы жарашпай калыптыр