Айтпайым десем аргам жок.
Айлам да эч бир калган жок.
Арзууңа жетээр күн келсе,
Анда менде арман жок.
Кайырма:
Чынбы же жалганбы.
Сүйүүбү, арманбы
Табышмак жүрөгүң,
Таш болуп калганбы.
Таарынган жүрөгүң
Сүйө албай калганбы.
Жалганбы, жалганбы
Сүйүүбү арман
Кызыгы бүтпөс дүйнөдө,
Кыйноосуз өткөн жан барбы.
Күттүрбөй айтчы батыраак,
Сезимдер чынбы, жалганбы.
Кайырма:
Арнаган ырым жактыбы,
Айтылбас ойлор таттуубу.
Арзууңа жетер күн болсо,
Анда эле менмин бактылуу.
Кенже Дүйшеева — Чынбы, жалганбы? тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 519