Сезбейсиз балким менин сүйөрүмдү
Сезимде балдак менен жүрөрүмдү
Жөн гана амандашып өтөсүз эй
Жетелеп жаркылдаган түгөйүңдү түгөйүңдү
Калаксыз калкыйт жалгыз кайык көлдө
Каралдым кантип жашайт балык чөлдө
Өмүрлөш жубайыңды билип туруп
Өзүңдү сүйүп калган айып менде
Көңүлгө сүйүү таңы керек жаздай
Ыр жазсам бир өзүңдөн бөлөк жазбайм
Кымбатым эй сизди сүйдүм аттиң бирок
Кыйналдым унутууга себеб таппай
Кенже Көбөкова — Сезим ыры тексти
Датасы: 26.12.2022 Көрүүлөр: 6425