Эски там ээн турат кыштагыңда,
«Эбактан ээси жок» деп бузбагыла.
Түбү бир тууган болом мен силерге,
Түңүлүп тизмеңерден сызбагыла.
Бозоргон боз там турса жол боюнда,
Боордош бирөө бар деп ойлогула.
Ата-энем ак тилектен салган эле,
Арбагын унут кылып койбогула.
Көз салып аз болсо да бак-шагына,
Жеримди алакандай сактагыла.
Тагдырга айла канча, барбай калсам,
Тизмеге балдарымды каттагыла.
Керим Турапов — Айылга кат тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 20065
Эң зор ырлар
Айылга кат
Супер мага жагат мен вакалнойдо окуйм мага бир ушул ыр жагып калса ырдай берем деп айткам болчумун ырдап көрүп мен ырдайм дегем алар сен жете албайсын дешкен бирок мен жеткемин
Супер ыр мааниси журокту эзетго чиркин
Конечно