Китептин душманы 2

Ким китепти кирдетсе,
Китеп баркын билбесе,
Жулуп алып барагын,
Орой салса бир нерсе
Ал ‒ китептин душманы.
Ким китепти сүйбөсө,
Кадырына күйбөсө,
Чылым ороп, шарт айрып,
Калжың-кулжуң сүйлөсө,
Ал ‒ китептин душманы.
Ким китепти кордосо,
Ырайымы болбосо,
Сүрөттөрүн уурдаса,
Уурдап көнгөн колдорчо,
Ал ‒ китептин душманы.
‒ Бардыгынан ким жаман?
‒ Китеп жырткан шум жаман.
Китепти сүйгөн балдардан,
Наалат алсын ал адам.
Ал ‒ китептин душманы.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алтын балык17
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)16
Көмөч нан (колобок) жомок14
Акылдуу кыз11
Жетим менен сыйкырчы жомок11
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок10
Кыска жана күлкүлүү жомоктор9
Дервиштин кызы7
Жарык жол7
Акылдуу балдар5

Китептин душманы: 29 комментарий

  1. Китепти көп окусаң,
    Билим кепти билесиң,
    Эгер китеп окубасан,
    Билим кепти билбейсиң
    (Сумая Жаныбаева)

  2. Китепти көп окусаң,
    Жанында алып жүрөсүн.
    Эч нерсени билбесен ,
    Шылдың болуп жүрбөгүн.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *