Ээ-эй ашкере ырдап бербесем,
Бүркөлөсүң, өзгөчөм.
Оромолун пас тартып.
Чүмкөнөсүң, өзгөчөм.
Жакын барсам жаныңа,
Сөйкөнөсүң, өзгөчөм.
Кум чайкаган дайрадай
Көйкөлөсүн, өзгөчөм.
Жүрөгүмдү күйгүзүп,
Куйкалайсың, өзгөчөм.
Ашкананын бурчунан
Шыкаалайсың, өзгөчөм.
Ак жибектей эшилип,
Бураласың, өзгөчөм.
Алты кар баскан түлкүдөй
Чубаласың, өзгөчөм.
Сүт үстүндө токтогон
Каймагындай, өзгөчөм.
Бак ичинде мөмөлүү
Чарбагындай, өзгөчөм.
Ак жуваздай серпилип,
Каккан кашып, өзгөчөм.
Сарсан болду сиз үчүн
Алтын башым, өзгөчөм.
Күнгөйдөгү ачылган
Гулкайырсың, өзгөчөм.
Курбуларын, ичинде,
Көп шайырсың, өзгөчөм.
Талпынышың куштардын
Туйгунундай, өзгөчөм.
Ун салышың гүлзардын
Булбулундай, өзгөчөм.
Көрүнбөсөң татыбайт
Ичкен ашым, өзгөчөм.
Эстегенде тыйылбайт
Көздөн жашым, өзгөчөм.
Сагынганым жанда жок,
Сиз деп күйдүм, өзгөчөм.
Сиздей сулуу жигитти
Издеп күйдүм өзгөчөм.