Эненин журогу

Эненин журогу 3

Балдары жем талашып тыбырчылап,

Жем издеп эне чымчык кеткен ыраак.

Ангыча темир канат бир балапан,

Уядан учуп түштү жерге кулап.

Эненин журогу 4

Сук болчу, башкалардан жеткен жемсээк,

Шок болчу, дал ушуну көрмөк тентек.

Уча албай калын чөптүн арасынан,

Чыйпылдап жан талашып канат серпет.

Жем тиштеп эне чымчык кайра келип,

Уяга жакын жерге коно берип.

Караса, беш балапан арасынан

Сугу жок, оозун ашчу чебеленип.

Ангыча, жер тарапта, тиги четтен

Үн укту жан талашып чийп-чийп эткен.

Селт этип катуу чочуп, байкабады

Тиштеген жемин төмөн кулап кеткен.

Ошондон жерди карай боюн таштап,

Шуу этип чөпкө түшүп канат жаскап.

Айланат отко түшчү көпөлөкчө,

Чырылдап баласы үчүн өлө жаздап.

Баа чиркин, эне мээри кандай күчтүү!

Эне экен баласы үчүн отко түшчү.

Негедир тигил экөөн карап туруп,

Өткөндөн бир уламыш эске түштү.

II

Жоо менен ай талаада кырчылдашып,

Сугарып жерди канча чырпылдатып.

Биздин эл кайда сүрүп баратканда,

Кылычтап туш келгенин бырчылдатып.

Кырылып өлгөндөрдөн калбай кемип,

Кайрадан кол куралат жоого келип,

Кайрадан калкандарга тийген жебе,

Кадимки мөндүргө окшойт себеленип.

Келген жоо келе берип бүтөр эмес,

Жоокерлер буга чыдап түтөр эмес,

Ангыча, калгандарга дароо тарайт:

— Чепке кир, коргонгула! — деген кенеш.

Жоокерлер аргасыздан чепке кирет,

Чеп бийик, куш өтпөгөн темир тирек!

Жабылат жоону тосуп дарбазалар —

Жасалган күмүш ширеп, болот ширеп.

Душмандар чепти айланта курчап алып,

Жол таппайт ары барып, бери барып.

Илинсе чыксак дешет аркан салып,

Ыргытса кулач жетпейт колдор талып.

Ошондо арасынан келген жоонун,

Бир адам жарып чыгып турган тоонун:

— Чеп бийик, бул аракет текке кетет.

Табам, — дейт, — дарбазанын ачар жолун.

Бир кезде ушул чепти салышканмын,

Далай жыл жондон терди агызганмын.

Акыры качып чыккам, бирок билем,

Жашыруун суу жиберчү алыштарын.

Алышты жан байкабайт, үстү жабык,

Ал келет, тээ тиги тоодон агып.

Жүргүлө, чептин элин куруталы,

Башынан башка жакка бура салып.

Сөздү угуп курчап жаткан жоонун ханы:

— Калайык, тыншагыла! — деди дагы, —

Чын бекен? Чындык болсо, бул жигитти

Өзүмө вазир кылам мындан нары.

Кеткендей чептин ичин сыйпап жылан,

Ачылса, эр бүлөсүн кырып тынам!

Баргыла, чындык болсо, бул жигитти

Сөз берем, ушул чепке хан да кылам!..

Буйрукту угар менен салдай сабап,

Кетишти жоонун тени тоону карап.

Калганы чепти курчап жата берди,

Оюнда талоон түшчү күндү самап…

Кеткендер тоого барып, көөнү тынып,

Кайтышты башка жакка сууну жыгып.

Хан жатты камырабай, чептегилер

«Келет, — деп, — суусуз калып, өзү чыгып».

А бирок күндөр өттү, айга кетти…

Ашынып хандын каары чекке жетти!

Сыягы, суусуз жатып өлсө дагы,

Бир адам ачып берер эмес чепти.

Бул кезде сактап алган суулар бүтүп,

Акыркы тамчыларды тен бөлүшүп,

Жатышты чептегилер айла таппай,

Жашоодон биротоло үмүт үзүп.

Хан сыртта, өз алдынча ойго келди:

«Минткенде ала албаймын чептеги элди.

А көрөк, бир амалын табайын» — деп,

Жарчыга мына мындай буйрук берди:

— Угузгун буйругумду, кылгын маалым,

Кирсем да чептегинин кырбайм баарын.

Аялдар чепти таштап сыртка чыксын,

Көтөрүп ала кетсин каалаганын.

Өлүм жок аялдарга! Айткын барып, —

Дегенде, жарчы кетти, айгай салып.

Чептеги эл, кары дебей, жашы дебей,

Дүрбөдү хан жарлыгын угуп алып…

Эртеси, бүт аялдар танга жакын

Ачышты бийик чептин дарбазасын.

Бул кызык! Чептегинин бири калбайт,

Ким калат, кимдер менен кармашасын?

Арчындап күйөөлөрүн танып жонго,

Балдарын ороп чулгап алып колго.

Элейип карап турган хандан оолак,

Энелер чубап барат онго-солго.

Хан тиктеп кыжырлана эки жагын,

Акыры: «Жанылдым!» — деп чапты санын.

«Сөз бирөө! Бекер айткан экенмин ээ,

Көтөрүп ала кет деп каалаганын!»

Сөз бирөө! Хан буйругу болбойт эки,

Хан үчүн сөзүн бузуу болор чеки.

Чубаган энелерди карап туруп,

Тултуйду чыдай албай эки бети.

Анткени өзү келди уруш баштап,

Кыргынга өзү күбө, өзү каскак!

Ойлонсо, өзүн дагы эне тууган,

Энелер кетип барат чебин таштап…

Көргөндө энелердин аккан жашын,

Чыдабай бура тартты аттын башын.

Энелер адам таппас акыл менен,

Ушинтип кайтарыптыр келген касын.

Бул өзү бир уламыш… Өзүн кара,

Энелер жанын берет дале сага.

Дагы эле эрдин жүгү аялдарда,

Дагы эле колдон түшпөйт бардык бала…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алданган карышкыр жомок236
Таранчы менен түлкү206
Акылдуу дыйкан204
Ырыс алды — ынтымак193
Акыл карачач188
Ууру үкү135
Муз чолпу107
Көмөч нан (колобок) жомок89
Чоң кумурска менен кичинекей кумурска76
Жоогазын60

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.