Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун, багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эмнеге?
Кол созуп бир кездерде «Келе-келе,
Келе бер, кармат мага, өзүң жебе».
Дегендер боор көтөрүп, үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эмнеге?
Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
«Ай, ушул адам болуп кетсинчи» деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.
Көрүнүп эл көзүнө коройгондо,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине, энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо?
Турмуш оор, жүз каталык кеткен күндө,
Ойло, дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Өзүңдөй таш боордуку балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбөгүн, ушуну ойлон.
Куралбек Чокоев — Ата-эне тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 305