Таарынчак кемпир
Абхаз жомогу

Бир кемпир түш көрүптүр. Түшүндө бийлеп аткан болот.

Ойгонуп кетип, кол чаап коштобогону үчүн  жанында жаткан чалына жини кайнап баштаптыр.

Карганын кантип пиво жасаганы
Лит жомогу

Пиво арпанын үрөнүнөн жасаларын карга угуп калат. Анан ал арпанын үрөнүн табат да чалкыган деңизге таштап коёт. Мына анан жээкке отуруп алып деңиз суусунан жутуп, мактай баштаган экен:

– Вах, канча көп ичсең, ошончо даамдуу го, чиркин. Пиво кайнаткан ушул турбайбы!

Талашты басуунун эби
Тажик жомогу

Апенди менен кошуна турган үч ууру болуптур. Алар Апендиникинен эки төшөнчүнү уурдап качышат. Уурулар көчөгө жеткен кезде эки төшөнчүнү бөлүшө албай кыжыңдаша кетишет. Бакылдагандардын урушу күчөйт. Муну уккан Апенди не болду деп шашканынан төшөнчүсүнө оронуп, сыртка атып чыгат. Аны көргөн уурулар: «Талашты токтотолу!» дешип, Апенди оронуп чыккан төшөнчүнү кошо сыйрып алышат да, баары өз олжосун алып, качып жөнөшөт.

Калчылдап үшүгөн Апенди үйүнө кайра кирет.

– Көчөдө бакылдашкандар ким? – деп сурайт зайыбы.

– Э, курусун, болор болбос талаш болуп атканынан; мен аны эби менен басып келдим, – деген экен.

Табарман Пурдел
Ооган жомогу

– Пурдел, сен так сан менен жуп санды үйрөнүп келдиңби?

– Ооба, агай.

– Кана, айтчы: шым так санга киреби же жуп сангабы?

– Башыңа кийсең – так сан, бутуңа кийсең – жуп сан, – дептир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы50
Карышкыр менен эчки50
Акылдуу кыз жомок40
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)37
Акылдуу балдар33
Коён менен кирпи33
Карышкыр жана жети улак31
Акылдуу кыз29
Кичинекей жалбырак жөнүндө жомок24
Жаңы жылга даярдык22

Кыска жана күлкүлүү жомоктор: 57 комментарий

  1. Казынага кирип ыйлап чыкканы жалган. Мурда андай жери жок болучу.
    Чон ракмат. Абдан жакшы иш кылдынар. Нурмаматов Танай..

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *