Айлуу түн кимдерге экен,
А, балким ойносун деп биздге бекен
Телмирип терезеңден карабастан,
Суу бойлоп келеличи келсеңчи, эркем.
Булактын мөлтүр суусу кимдерге экен,
Булар да ичишет деп бизге бекен.
Сен барда башкаларды көрбөсөм да,
Булактын шары менен бирге кетем.
Өмүрдүн аккан балы кимдерге экен,
Өздөрү ичишет деп бизге бекен.
Өтсө күн, өмүр өтүп баратпайбы,
Өлбөскө бал ичели келсеңичи, эркем.
Кыздаркан Келдибекова — Келсеңчи, эркем тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 3707