Сөзү Кудайберген Жуманазаровдуку.
Обону Манатибраим Бостонкуловдуку.
Ыр кесе сизге сунулду,
Уруксат этиң мунумду.
Акыры келме кезек бар,
Кийинби же мурунбу.
Ырдап кой бир жол куштармын,
Көзүңдөн жылдыз учканын.
Көк асман тиреп турушкан,
Көк жашыл тууларын.
Бийиктен түшкөн октолуп,
Булактай туйлап шоктонуп.
Ырдап бер бүткүл дит менен,
Угалы күйүп от болуп.
Бул турмуш өзү сармерден,
Бул өмүр сыноо ал берген.
Ар адам өтөп өзүнчө,
Алдыга чыгар иргелген.