Бүчүр байлап арзуулардын түрлөрү,
Кубат алат сезимимдин гүлдөрү.
Аткарылып мен самаган тилектер,
Уланса дейм махабаттын күндөрү.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.
Сенден угуп махабаттын дабышын,
Сен деп күйүп, таң булбулдай таңшыдым.
Таасир берип, жан дүйнөмдө жаркыдың,
Сенден сезем ак сүйүүнүн маңызын.
Кайырма:
Ай, гүлүм, ай, тура албаймын сагынбай,
Ай, гүлүм, ай, сырдашсам дейм талыкпай.
Кубанычым жалындай,
Келем сага жакындай,
Көңүл эргийт басылбай.
Мирбек Иманбеков — Гүлүм, ай тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 962