Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кеттим,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө арга жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми, таарынба…
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айылыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айылыңдан узап мен кетсем,
Ардагым деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кеттим,
Жалжалым деп ырдай жүр.
Кайырма:
Мирбек Иманбеков — Сыйлай жүр тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2228