Элестеп көрүнөт, ай, мөлтүрөп,
Күлкүсү сүйкүм төгүлөт.
Кыялкеч жайдары, гүл жайдагы,
Эркимди жипсиз байлады.
Кайырма:
Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм,
Эрдиңден качан сүйөмүн?
Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм,
Эрдиңден качан сүйөмүн?
Жүзүнөн бөлүнөт нур күндөгү,
Сыйкырлуу пери күндөгү.
Элесиң жоготпой мен жүрөмүн,
Үзүлүп сени сүйөмүн.
Кайырма:
Эркелеп, назданып, гүл жазданып,
Ак куудай учат айланып.
Толгонуп, кыйналып мен кызганам,
Жалындап күйүп башкадан.
Кайырма:
Мирбек Иманбеков — Түн чүрөгү тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2722