Менин үнүмө кулак түр элим,
Бул жалган дүйнө сынак билемин.
Кара тумандай каптады оору,
Каңырык түтөп сыздайт жүрөгүм.
Уйкусуз түндөр кунарсыз күндөр,
Сумсайган жүздөр боздогон үндөр.
Ооруган жан да дабаасын таппай,
Жабылган үйлөр жабылган үйлөр,
Жабылган үйлөр жөтөлгөн үндөр.
Жазма да төкмө акындар кетти,
Илимдүү молдо аалымдар кетти.
Чындыктан тайбай саясатка да,
Чыныбай Шердей асылдар кетти.
Мугалим эже агайлар кетти,
Дарыгерлерден далайлар кетти.
Окумуштуулар журналист эже,
Жаман илдеттен сакайбай кетти.
Карантин күндөр актабай калды,
Эл чыгып кетти тактабай калды.
Өзгөнү сактап баатыр кызыбыз,
Адинай өзүн сактабай калды.
Өмүр бул өзү өлчөсүз белек,
Оорубай демди сактайлык демек.
Жараткан өзүм жар болуп дайым,
Жакынга дайым бололу көмөк.
Бирөөлөр келер, бирөөлөр кетер,
Билгенге чыны бул өмүр бекер.
Өкүмдар дагы бүдөөсүн таппай,
Өмүрдөн ушу өкүнүп өтөөр.
Унутпай эми бир топ жыл кыйла,
Эстейбиз сени эки миң жыйырма.
Жарымынан сенин жылыңды өттүк,
Жакшылык сунгун жамандык кылба.
Мирлан Баеков — Оксук ыры тексти
Датасы: 30.07.2020 Көрүүлөр: 24283
Катаалар толтура бирок ыр абдан жакшы
,Жараткан өзүң’ дегенди ,жараткан өзүм ‘ деп коюупсунар
Ошол эле экен
Соонунда
Ооба аябай
Оруу эмес оору деп жазылыш керек
Чооң рахмат, оңолду!
Нотасы керек
Окумдар эмес окумдор