Илгери бир киши мышыгын аябай жакшы көрүп, аны дүйнөдөгү эң акылдуу жана өзгөчө жандык саначу экен. Мындан улам аша чапкан обу жоктук менен бул жөпжөнөкөй мышыгына Асман деген ат коюп алыптыр.

Бир ирет аныкына капысынан мейман келип, мышыктын өзгөчө атын угуп, таңгалып сурайт:

— Кечирип коюңуз, урматтуу кожоюн, эмне үчүн жөнөкөй эле мышыкка Асман деген бийик атты коюп алгансыз?

— Бул мышык сиз айткандай жөнөкөй эмес. Мындай мышык мурда бул дүйнөдө болгон эмес. Ошон үчүн мышыгыма Асман деген аттан башка ат жарашпайт! Анткени асмандан бийик, асмандан улуу эч нерсе жок.

— Асман бийик болгону менен аны булуттар жаап каларын билбейсизби?

— Сиздики туура окшойт. Мейли, анда булуттар кыйын болсо өзгөчө мышыгымдын аты Булут болсун.

— Бирок булуттарды шамал айдап кетет да!

— Андай болсо укмуш мышыгымдын аты Шамал болсун.

— Анткен менен шамал шаар чебине канча урунса да урата албайт эмеспи…

— Анда мышыгымдын аты Чеп!

— Бирок чепти чычкандар тешип салышат да…

— Мышыгымдын аты Чычкан болсун анда!

— Чычканды мышык жейт эмеспи…

— Мышыгыма Мышык деген ат коём анда!

— Ооба, мышыкты асмандатпай мышыктай эле мамиле кылган жакшы, — деп конок күлүп жиберди.

Ошондон кийин биздин элде “мышык дайыма мышык бойдон калат” деген жакшы кеп айтыла баштаптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)76
Алия менен жылкы45
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок28
Ишенимдүү болуу - Мышык менен күчүктүн достугу15
Акылдуу кыз жомок11
Акылдуу балдар10
Атанын осуяты жомок9
Жаңы жылга даярдык9
Ак эмгек – даамдуу нан8
Кыска жана күлкүлүү жомоктор7

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *