Сүйүү –деңиз, махабат – ак кемеси,
А мен толкун, кучагымдын сен эркеси.
Белгисиз күч өзүң карай сүрөй берет,
Сен болдуң го түңгуч сүйүү керемети.
Кайырма:
Эргиткен көңүлүмдү,
Сенсиң менин сезимдерим.
Ыр сүйгөн, жылдыз сүйгөн,
Кезимдеги, кезимдеги.
Өкүнбөчү бул жашоодо,
Сендик гана, сендик гана.
Жүрөктүн эң бир назик,
Сезимдери, сезимдери…
Өмүр деген билинбей өтөт дечи,
Өтсүн мейли, бирок ага кейибечи.
Баягы биз жадыраган жаштык кездей,
Түбөлүккө бир өзүңдү сүйөм дечи.
Кайырма:
Неля — Махабат деми тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 529