Бир жерде турбай жай алып
Неге сен билинбей өттүң балалык
Кейиген менен эми сен
Келбейсиң ай кайра жаралып
Эх чиркин эрчишип ойноп жүрчү элек
Экинчи сени табалы
Кайырма:
Балалык ай балалык
Жылдыздай болуп жымыңдап коюп
Булактай болуп шыдырап коюп
Чиркин ай кай жакка кеттиң шар агып
Ат минип көп-көк жыбыктан
Аны биз аргымак көрүп буулуккан
Көпөлөк кууп гүл терип
Көйнөктү чечип ыргыткан
Кетчү элең эс элек тентек бала элек
Ээ ээрчишип далай урушкан
Калса дагы күүгүм карарып
Кезимде билсең да биздин балалык
Айланып келдим кайрадан
Аткандыр таңдай агарып
Мойтоңдоп ойноп жүрөт балабыз
Жага албай куштай таңалы