Бирөө жүрсө бакыт издеп турмуштан
Бирөө жашайт бакыт тилеп жылдыздан
Башкаларды билбейм бирок а менин
Байлыгым да бакытым да Кыргызстан
Ала-Тоого желбиретип тургузган
Ай-ааламга нур чачырап туубуздан
Жан дүйнөмө кубат берип түбөлүк
Жанып турат жүрөгүмдө Кыргызстан
Асыл дүйнө таппай ачуу турмуштан
Адамдар бар аруулуктан жылмышкан
Андайларды билбейм а бирок менин
Ар намысым абийирим да Кыргызстан
Өз керт башын ойлоп такка тырмышкан
Өкүмдардын көбүн көрдүк турмуштан
Өзгөлөрдү билбейм бирок мен үчүн
Өйдө турат бүт нерседен Кыргызстан
Нуржигит Молдояров — Кыргызстан тексти
Датасы: 23.09.2022 Көрүүлөр: 2470