Олтурамын бөлмө караңгы,
Ыр жүзүндө жаздым саламды.
Сен жок менин ырым жок,
Сенсиз мага жашоо жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы
Күлгөнү сага окшобой,
Көңүлүм сенден ойгонбой
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Олурамын ичип шарапты,
Күндөн-күнгө болбой барамбы.
Бара турган алым жок,
Баса турган дарман жок,
Бөлмө бүгүн өтө караңгы.
Башкага жүрөк чапкан жок,
Сендей издеп тапкан жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Азгырылдын жаман абалым,
Жалгыздыктын тарттым азабын.
Жөлөп турган өзүң жок,
Айтып турган кебиң жок,
Азыр мага дүйнө караңгы.
Башкага жүрөк чапкан жок,
Сендей издеп тапкан жок,
Дүйнө мага сенсиз караңгы.
Мага аябай жакты олтурамын болуш керек эле олурамын болуп жазылып калыптыр.
Мага аябай жакты бирок олурамын деп коюптур олтурамыр болуш керек
Олтурамыр болуп калыптыр сеники деле. Олтурамын болуш керек деп айтайын дегенин.