Ак-куудай боюң буралып,
Ак халат кийсең суналып.
Ак денең сенин мөлтүрөй,
Айпери сымал нурданып.
Кайырма:
Жана-жана-жанарым ,оо,
Сагындым жүрөгүм, оо.
Ак балыктай чубалып,
Ак көйнөк кийсең буралып.
Ак бетиң сенин мөлтүрөйт,
Ак мөңгү сымал нурданып.
Кайырма:
Ак жолук турсаң салынып,
Ай нуру сагы агылып.
Ак тамагың мөлтүрөй,
Ак бермет алсаң тагынып.
Кайырма:
Расул Маматкулов — Жанарым тексти
Датасы: 22.10.2020 Көрүүлөр: 5607