Башканы сендей сүйбөгөм
Бакытка балкып көрбөгөм
Бактыма жаралгандайсың
Бактылуу жандай өңдөнөм
Кайырма:
Жашоомо келген белексиң
Сен мага суудай керексиң
Өмүрдүн гүлүн тартуулап
Жарыгым ай, жарыгым ай
Түбөлүккө сен керексиң
Ачылган кызыл гүлдөйсүң
Ашыктым аны билбейсиң
Агарып чыккан таңдагы
Ажарын чачкан күндөйсүң
Кайырма:
Руслан Абылов — Жашоомо келген белексиң тексти
Датасы: 11.09.2020 Көрүүлөр: 709