Балбылдап көздөрүң турат,
Багымды ачар сөз курап.
Бардыгы даяр сен үчүн,
Баш кошсок деп тилейм мен сурап.
Буралган чачтары узун,
А койчу, ай, булуттан түшкөн жансыңбы?
Комузумдун кулагын буурап,
Күү толгойм кайрыгын улап
Күүлөрүм даяр сен үчүн.
Күлкүңө кошор күч-кубат.
Айчүрөктөй сулуулугуң бар,
А койчу, ай, асмандан түшкөн жансыңбы?
Жымыңдап көздөрүн жумат,
Жаркылдап жанымда турат.
Жүрөгүм даяр сен үчүн,
Жүрөлү көңүлдө биз куунак.
Жомоктой сулуулугуң бар,
А койчу, ай, жылдыздан түшкөн жансыңбы?
Руслан Нарынбаев — Жомок тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 10739
Комузумдун кулагын буурап эмес, бурап
Ооа жакты
Жакты