Жамалыңды көрдүм мен сенин,
Жүрөгүмө кирдин сен менин.
Көздөрүңдөн сезип махабат,
Сен бакытым болооруң сездим.
Кайырма:
Баарынан,баарынан сени тандадым,
Сүйүмдү сага арнадым сага.
Жүрөгүм сүйүп тандады,
Бул өмүрүмдү арнаймын сага.
Таза сүйүү жолугуп кайра,
Сезимдерге табылды айла.
Умтулабыз жаным экөөбүз,
Бир болууга жол издеп кайра.
Кайырма❤