Токсонунчу жылдар калды
Бизди жаштык күндөрдө
Кең пейилдүү жашоо анда
Тойлор болуп үйлөрдө
Эсиңдеби монтана
Кара курду тагына
Казачогун майлап алып
Барчу элек кыздарга
Апакемдин басоножкиси
Меники эле кечкиси
Дискотека клубта деп биз
Кетчү элек ээрчишип
Кайырма:
Токсонунчу жылдар калды
Бизди жаштык күндөрдө
Кең пейилдүү жашоо анда
Тойлор болуп үйлөрдө
Биз тобунун ыры Адина
Сага жагат мага да
Көчөдөгү ак чөлмөккө
Барбай калса сарсанаа
Сенден келген каттарга
Жобун бербей калганда
Серенада ырдап түндө
Гитараңды жаңырта
Кайырма:
Токсонунчу жылдар калды
Бизди жаштык күндөрдө
Кең пейилдүү жашоо анда
Тойлор болуп үйлөрдө