Укпасам дагы сөзүңдү
Жүрөгүм сени сагындым
Көрбөсөм дагы көзүңдү
Билемин сенин барыңды
Сылагандырсың чекемден
Сынарын билип өмүрдүн
Сыздап бир өксүп кетем мен
Угалбай кебин өзүңдүн
Кайырма:
Сеземин ата дайыма
Жүрөсүң жандап жанымда
Элесиң билбейм а бирок
Жашайсың менин канымда
Сагындым менин атакем
Элесиң өчпөс каректер
Максатка уулуң зар эле
Күч кубат берип ар убак
Түшүмдөн кетпе атаке
Кейибей ата ал жакта
Намысын бекем коргоймун
Изине түшүп турмушта
Атаке жолун жолдоймун