Жыл тосуп, жыл узатып,
Чыккан күн кайра батып,
Убакыт — зымырык куш,
Негедир барат шашып.
Мынакей Жаңы жыл да,
Мээримин төгүп келди.
Тазартып көңүлдөрдү,
Агартып тоону жетти.
Кайырма:
Сезимдин жарык таңы,
Жыл жаңы, көңүл жаңы.
Жүрөктү толкундаткан,
Жаңы жыл келди дагы.
Бакыттын жылы болуп,
Ачылсын элдин багы.
Апабыз сүйүү берсин,
Сага да, мага дагы.
Белекте бейпилчилик,
Кубаныч, күлкү менен.
Элиме ырыскы бер,
Койнуңду ачып кенен.
Жарык чачкан Жаңы жыл,
Сага арнап ырдайбыз ыр.
Жакшы тилек, жакшы үмүт
Ала келгин Жаңы жыл.
Кайырма:
Дагы жаны жыл жонундо чыгарыныз
Апабыз эмес аппак ууз сүйүү берсин
Апабыз эмес аппак ууз сүйүү берсин анан белекте бейпилчилик кандай түшүнсө болот
береке бейпилчилик
Сага да мага дагы деп жазылып турат бирок мага да сага дагы деп айтып атат
Ооба
Береке бейпилчилик болуш керек
Береке бейпилчилик болуш керек