Күйдүм бир гана, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм бир гана десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Күйдүм, ай, жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан-Жайлоо гана деген бийик бел, ай,
Ошого кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кара көз,
Күйдүм, аа, кадырды билсең өзүң кел.
Кош теректей гана бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен,
Боз жоолук салып түрлөнүп.
Болжолуң таап жете албай,
Күйдүм, аа,
Боздогон тайлак өңдөнүп.
Токон Эшбаев — Күйдүм чок тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 6098
Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет го
Менга ва уста углим ёкади. Доим эшитамиз! Узбек тилига таржима килганман. Токон огага жонг рахмат!
Уста углимга, демокчи эдим. Шерали, турк
Уста углимга, демокчи эдим. Шерали, турк
Алтай Огонбоев ажойиб ижро килган
Керемет,шедевр