Сымбатым жашыл жаздын көркөмүндөй,
Сулуусуң Болоттун Ак-Мөөрүндөй.
Суйкайып жүрөгүмдү жараладың,
Суктантып Барпы акындын Мөлмөлүндөй.
А бирок, Алымкандай Токтогулдун,
Тагдыр деп, башкага жар болбогунуң.
Ээрчишип кете бербе бөлөк менен,
Туруксуз Чолпонундай Жолболдунун.
Камыгып ичке сырын жашыра албай,
Топко айткан ак сүйүүсүн зарлай-зарлай.
Тагдыры татаал күнгө туш келсе да,
Сүйүүгө туруктуу бол Бегимайдай.
Жадырап жазда толуп чыккан айдай,
Жашайбыз көргөн жандар суктангандай.
Сүйүшкөн бизден кийин далай жаштар,
Мисалдап экөөбүздү ыр жазгандай.