Тилимде балдай сөзүмсүң,
Дилимде назик сезимсиң.
Сүйүүгө бүткөн күлазык,
Өмүрдүн жазы өзүңсүң.
Алданып менин үмүтүм,
Азабың тартам күнү-түн.
Айыкпас дарттай козгодуң,
Арылгыс жүрөк күйүтүн.
Жылмайсаң жазгы күндөйсүң,
Жаныма назик сүйлөйсүң.
Арзыган сен деп селкинин,
Абалын, эркем, билбейсиң.