Турмуштук жомоктор

Турмуштук жомоктор

Асан жана үсөн

Асан жана үсөн

Өткөн заманда Асан жана Үсөн деген эки баласы бар Сулуучач аттуу аял күйөөсү өлүп, жесир калды. Мунун өтө сулуулугуна кызыгып, ...
Wti Like Count
24
Views
1656

Турмуштук жомоктор балдарга турмуштук тажрыйбаны көгөзөт, ага акылмандыкты, айкөлдүктү жөнөкөй жана түшүнүктүү формада түшүндүрөт. Алар балаңыздан гармониялуу инсанды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Турмуштук жомоктордун окуялары турмушта болушу мүмкүн­ болуп сезилет, бирок алар чындыкка негизделбейт, жомоктук сүрөттөө жана образ түзүү жолу тандалат. 

Эң негизги жомоктун касиети — окуялуулугу, ошол окуянын кызыктуулугу, түшүнүүгө жеңилдиги. Жомокторду адамдар ушундай болсо деген тилектен улам чыгарган, алардын каармандарынын каршысында кандай кара күчтөр турса да, кыйналып-кысталып жүрүп акыры жеңип чыгат. 

Андыктан да анын башкы каармандары жетим бала, жетим кыз, жалгыз бала, бир кемпир-чал, акылдуу дыйкан, таз бала ж. б. бей-бечаралар болот, алар акыры максат-муратына жетип, «жыргап-куунап» жашап калат. 

Ошондой эле алар балдарды ой жүгүртүүгө жана ойлонууга, фантазияны, кыялданууну, интуицияны жана логиканы өнүктүрөт. Мындай жомоктор баланы туура чечимдерге жана иш-аракеттерге үйрөтөт.

Балага ойлонууга жана чыр-чатактарды чечүүнүн туура жолдорун, кыйынчылыктарды жана коркуу сезимдерин жеңүүнүн жолдорун табууга мүмкүндүк берет.

Турмуштук жомоктор: 20 комментарий

  1. Саламатсыздарбы,бизге да жакты жакшы экен.Балдарым менен чогу окуп жатабыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *