Себелеп ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шаарын ызанын.
Кайырма:
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң, асылкечим?
Жүрөктө толукшуйт сүйүү жазы,
Сен качан келесиң, асылкечим?
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылар.
Кайырма:
З куплет жок экен
Мага өтө жакты
КАТА ЭМЕС…
ҮЧҮНЧҮ КУПЛЕТИ…
БИЗ БӨЛҮНДҮК ЖАМГЫРЛУУ ЖАЗДЫН ТҮНҮНДӨ,
КОШ АЙТЫШТЫК АПАКАЙ КАЙЫҢ ТҮБҮНДӨ,
АНДАН БЕРИ ЖЫЛДАР ӨТТҮ ТИЗИЛИП,
КЕЛАТАСЫҢ ЫР БОЛУП МЕНИН ҮНҮМДӨ..
Аябай сонун Тукемдин уну эн эле уккулуктуу жашасын Тукем браво