Арык жээгиндеги жылуу таштын үстүндө күнгө кактанып отурган күйкө аркасынан бугуп келаткан куу түлкүнү байкабады. Түлкү шап секирди эле, үргүлөп отурган күйкө ач тырмагына илинди да калды.
– Мени жебечи, Түлкү! – күйкө жалбарып жиберди. – Мени бошотсоң, мен сага өзүңдүн башыңдан да чоң жумуртка тууп беремин!
Түлкү оңой эмес чымчыкты кармапмын деди. Бул өзгөчө канаттуунун жумурткасына кызыгып калды. Жумурткадан чыгар балапанга сук артты.
Күйкө ошол замат «пыр» учуп, бак башына конду. Өзүнүн аман-соо калганына көзү жеткен соң аңкоо түлкүнү келекеледи:
– Мен сенин башыңдан да чоң жумуртканы кантип тууйт элем, макоо! Бирок сага үч кеңеш бере алам. Эстеп кал, сага кереги тийип калар. Биринчи кеңешим: кур убадага курсак тойбойт! Экинчиси: эртеңки эттен – бүгүнкү өпкө артык. А үчүнчү кеңешим… – Күйкө ач түлкүгө карады да минтип улады кебин: – Колго түшкөн олжону, жеш керек ко, соргогум!