Дайым сен деп жүргөнүмө

Жаным өзүң айыптуусуң

Арзуу толгон,ак сүйүүмө

Жалгыз өзүү ылайыктуусуң

Сага артып ишеничим

Тагдырымды байлап койгом

Жалгыз гана,сезим эмес

Өмүрүм арнап койгом

Мени сүйөп,мага дем бол

Түбөлүктүү бактым сен бол

Колум жетпес айга тең бол

Жаманы мен,жакшым сен бол

Махабаттын бийик туусун

Кулатпашым керек менин

Бүлөбүздү урмат-сыйдан

Курагым келет менин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *