Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Албырган ак жүзүмдү сүйөбү деп.
Арналган сага деген ак сүйүүмдү,
Айттырбай көздөрүмдөн билеби деп.
Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Ардагым кучагына кысабы деп.
Эгерде сезсең менин тилегимди,
Алтыным, айды көздөй учалы деп.
Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Аргендей добушуңду угайын деп.
А бирок күтүүсүздөн тааныштырдың,
Ак жуумал бир келинди жубайым деп.
Жумагүл Раимжан кызы — Ак көйнөк тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 1643