Эсимде, бала чакта сүйгөн энем,
Эси жок кызың үчүн сарсанаа элең.
Атайлап акыл сөзүң айтсаң дагы,
Кай бирде тилиң албай коёр элем.
Шок элем, өткөрчүмүн түркүн жорук,
Кез-кезде кыжырыңа тийип коюп.
Камчылап чыбык атты качканымда,
Тап берип калчусуң капа болуп.
Бирок да пейли кенен, бейпил элең,
Ачууңду тез унутуп калар элең.
Чакырып чаңды күбүп, жуундуруп,
Бапестеп тойгузчусуң тамак берип.
Арадан андан бери көп жыл өттү,
Заманам ырыскысын элге төктү.
Аттиң, ай, кандай бакыт болор эле,
Азыр мен өз колуңдан токмок жесем.
Жылдыз Тутуева — Шок элем тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 519