Эр жүрөк жөжө Борис Житковдун аңгемеси, бул кичинекей бөбөктөргө дагы кызыктуу болот. Анда өрдөктүн балдарынын туура эмес жоруктары жөнүндө айтылат.
Алардын кожойкеси күн сайын майдаланган жумурткаларды алып келип берсе да, күндүзү тойбой калышат.
Алардын тойбой калышына эмне тоскоолдук жаратып жатканын балдар менен чогуу окуңуз.
Чыгарма балдарды эр жүрөк, боорукер, кең пейил адам болууга үйрөтөт.
Ошондой эле чыгармада достукту баалоо жана көрсөтүлгөн жардамга ыраазы болуу канчалык маанилүү экендиги жөнүндө сөз болот.
Күн сайын эртең менен өрдөктүн балдарына кожойке тарелкага майдаланган жумуртка алып келе турган. Ал тарелканы чөптүн түбүнө коюп кетчү.
Качан жөжөлөр тарелкага чуркап жөнөшкөндө бакчадан чоң ийнелик учуп чыгып, тарелканы айланып учуп калчу.
Ийнелик катуу сайрагандыктан, жөжөлөр анын үнүнөн коркуп, чөптөргө жашынып калышчу. Жөжөлөр ийнелик аларды чагып алат деп коркуша турган.
Ал эми ийнелик болсо табакка конуп, тамактын даамын татып, анан учуп кетчү. Андан кийин өрдөктөр бир күн бою ал тарелкага жолой алышчу эмес. Алар ийнелик дагы келип калат деп коркушчу.
Бир күнү кечинде үй ээси тарелканы алып:
«Биздин өрдөктөр ооруп жатса керек, эч нерсе жебей жатышат», – деди. Кожойке өрдөктөр күн сайын кечинде ачка уктап жатышканын билген да жок.
Бир жолу өрдөктүн жөжөлөрүнө коңшусу кичинекей жөжө Алёша конокко келип калды. Жөжөлөр ага ийнелик тууралуу айтышканда, ал аябай күлдү.
– Эр жүрөктөр десе! Мен аны өзүм жалгыз эле кубалап салам. Эртең көрөсүңөр! – деди ал.
– Мактанбачы! Эртең сен биринчи коркуп качып кетесиң, – дешти жөжөлөр ага ишенбей.
Эртеси эртең менен кожойке адаттагыдай эле тарелкада майдаланган жумуртканы алып келип, баягы ордуна коюп кетти.
– Карап тургула! – деди эр жүрөк Алёша, – Азыр мен силердин ийнелик менен мушташам.
Ал ушинтип айтары менен ийнеликтин үнү чыгып калды. Тарелканын так үстүнөн учуп жаткан эле.
Жөжөлөр дагы баягыдай качмакчы болушту эле, бирок Алёша корккон жок. Ийнелик тарелкага конгонго үлгүрө электе Алёша тумшугу менен анын канатынан кармап калды. Катуу булкунган ийнелик кичинекей Алёшанын тумшугунан кутулуп, канаты сынган боюнча учуп кетти.
Ошол бойдон ийнелик бакчага келген жок, а жөжөлөр күн сайын курсактарын кампайта тойгузуп калышты. Алар өздөрү эле жебестен, аларды ийнеликтен сактап калганы үчүн эр жүрөк Алёшага да тамагынан бөлүшүп турушту.
Сонун