Михаил Зощенко
Кыргыз тилине которгон: «ЫКЧАМ» котормо борбору
Балдар, быйыл мен 40 жашка чыктым. Демек, мен жаңы жылдык балатыны 40 жолу көрүптүрмүн. Бул аябай көп!
Өмүрүмдүн алгачкы үч жылында балаты эмне экенин түшүнгөн деле эмесмин. Апам мени колуна көтөрүп ала турган. Сыягы, мен капкара көздөрүм менен балатыны кооздогон оюнчуктарды кызыгып деле карабасам керек.
Качан гана мен беш жашка чыгып калганда, балаты деген эмне экенин абдан жакшы түшүнүп калгам.
Мен бул шаңдуу майрамды чыдамсыздык менен күтчүмүн. Жадакалса эшиктин кичинекей тешигинен апам балатыны кантип кооздоп жатканын карай турганмын.
Ал кезде менин эжем Лёля жети жашка чыгып калган. Ал абдан шамдагай кыз эле.
Эжем бир жолу мага мындай деди:
– Минька, апам ашканага чыгып кетти. Жүр, балаты турган бөлмөгө барабыз дагы, ал жакта эмне болуп жатканын карап келебиз.
Лёля эжем экөөбүз балаты турган бөлмөгө кирдик. Ал жактан абдан кооз балатыны көрдүк. Балатынын жанында жерде белектер туруптур. А балатыда түркүн түстүү мончоктор, желектер, фонариктер, алтын түстүү жаңгактар, пастилалар жана крым алмалары илиниптир.
Лёля эжем:
– Белектерди карабай эле коёлу. Кел, андан көрө бирден пастила жейбиз, – деп калды.
Ал балатыга жакындап барып, ошол эле учурда жипке байланып илинүү турган бир пастиланы тиштеп калды.
– Лёля, эгер сен пастиланы жесең, мен дагы бир нерсени жейм, – дедим ага.
Анан мен дагы балатыга жакындап барып, илинүү турган алманын кичинекейинен тиштеп алдым.
Анда Лёля:
– Минька, эгер сен алманы тиштесең, мен азыр башка пастиланы жейм, буга кошумча бул момпосуйду да алам.
Лёля эжемдин бою узун эле. Ал бийик жерлерге жете алчу.
Ал бутунун учу менен туруп, чоң оозу менен экинчи пастиланы жеп кирди.
А менин боюм абдан кичинекей эле. Ошондуктан ылдыйында илинүү турган алмадан башка эч нерсеге жете алмак эмесмин.
– Лёля, эгер сен экинчи пастиланы жесең, мен бул алманы дагы бир жолу тиштейм, – дедим да, жанагы алманы колума кармап, дагы бир жолу кичине тиштеп алдым.
– Эгер сен экинчи жолу алманы тиштесең, анда мен дагы жыргайм да, үчүнчү пастиланы жеп коём, буга кошумча эстеликке шартылдакты жана жаңгакты алып алам, – деди эжем.
Ошондо мен ыйлап жибере жаздадым. Анткени ал каалаган нерсесине жете алат эле, а мен эч нерсеге жете албайт элем.
Анан мен ага мындай дедим:
– Лёлька, анда мен отургучту алып келип коём да, алмадан башка да каалаган нерсемди алам.
Арбайган колдорум менен отургучту балатыны көздөй тарта баштадым. Бирок отургуч менин үстүмө жыгылып калды. Отургучту көтөргөнгө аракет кыла баштадым. Бирок ал кайра эле менин үстүмө, анан белектердин үстүнө кулап калды.
Лёля:
– Минька, сен, сыягы, куурчакты сындырып салдың. Ооба, сындырып салыптырсың. Сен куурчактын фарфор колун чыгарып салыптырсың, – деди.
Аңгыча ошол маалда апамдын басканы угулуп калды, Лёля эжем экөөбүз башка бөлмөгө качып кеттик.
Лёля:
– Эми, Минька, апам сенин сазайыңды берет, – деди.
Мен ыйламакчы болуп баратып, токтоп калдым. Анткени ушул маалда бизге коноктор келип калышты. Көптөгөн балдар ата-энеси менен.
Апам балатынын бардык шамдарын жандырып, балаты турган бөлмөнүн эшигин ачты да, балдарга:
– Мынакей, киргиле, – деди.
Балдардын баары балаты турган бөлмөгө киришти.
Анан биздин апабыз балдарга карап:
– Эми ар бир бала мага жакын келсин, мен ар бирине бирден оюнчук жана жей турган нерсе берем.
Балдар бир-бирден биздин апабызга жакын келип жатышты. А апам ар бирине бирден оюнчук берди. Андан соң балатыга илинүү турган алманы, пастиланы жана момпосуйларды да чыгарып алып, балдарга берип жатты.
Балдардын баарынын көңүлү ачылып, кубанып жатышты. Анан апам жанагы мен тиштеп алган алманы колуна алды да, бизге кайрылды:
– Лёля, Минька, мага жакын келгиле. Бул алманы кимиңер тиштедиңер?
Лёля:
– Бул Миньканын кылганы.
Мен Лёля эжемдин чачынан тартып:
– Муну мага Лёлька үйрөттү, – дедим.
– Лёляны бурчка ары каратып тургузам, а сага буралма паравоз оюнчук белек кылайын дегем. Бирок эми бул буралма паравозду алманы берейин деген балага берем.
Ушинтти да, паравозду бир төрт жаштардагы балага берди. Ал дароо оюнчукту алып ойноп кирди.
Менин дароо жиним келип, бултуңдап барып, ал баланы колуна оюнчук менен бир койдум. Ал бакырып ыйлап калганда апасы колуна көтөрүп алды да, мындай деп калды:
– Мындан кийин силердикине балам менен конокко келбейм.
– Кете бересеңер болот, анда паравоз оюнчук мага калат, – дедим.
Ал мени таң кала карап калды.
– Чамасы, сиздин балаңыз каракчы болот окшойт.
Ошондо апам мени колумдан алды да, ал аялга карады:
– Менин балам тууралуу антип айтпаңыз. Жакшысы, азыр алтындай болгон балаңызды алыңыз да, кетиңиз. Мындан кийин эч качан биздикине конокко келбеңиз.
Тиги аял да жиндене:
– Так ушундай кылам. Силер менен убакыт өткөргөнчө, өз ишимди кылганым артык.
Ошол убакта дагы бир аял сүйлөп калды:
– Мен дагы кетем. Менин кызым колу сынган куурчак бергенге татыктуу эмес.
Ага Лёля эжем жооп берди:
– Сиз дагы кете берсеңиз болот, алтындай болгон балаңыз менен бирге. Ошондо колу сынган куурчак мага калат.
Анан мен апамдын колунда турган бойдон кыйкырдым:
– Баарыңар кете берсеңер болот, ошондо бардык оюнчуктар бизге калат.
Анан келген коноктун баары кете башташты. Апам биз жалгыз калганыбызга таң калып, маанайы түшүп калды.
Ошол убакта бөлмөгө атам кирип келди.
– Мындай тарбия биздин балдарды бузат. Мен балдарымдын коноктор менен урушуп, мушташып, аларды кубалашын каалабайм. Андай учурда аларга бул дүйнөдө жашоо кыйын болот, алар жалгыздыкта жашап өмүр өткөрүшөт, – деди да, балатынын жарыктарын өчүрдү.
Анан:
– Азыр дароо уктагыла. А эртең оюнчуктардын баарын мен конокторго таратам, – деди.
Мына, балдар, андан бери отуз беш жыл өттү, ошол балаты дагы деле эсимден чыга элек.
Ушул отуз беш жылдан бери бир да жолу башка бирөөнүн алмасын жеп алган жокмун жана бир да жолу өзүмдөн алсыздарга кол көтөргөн жокмун. Эми болсо докторлор ошон үчүн салыштырмалуу шайыр жана боорукер экенимди айтышат.
Мага жакты Бир жерде ката бар экен
Супер