Асыл таш аудиосун угуу
Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун эки капчыгайын бүт ээлеген эки бай болуптур. Ал эки бай жанаша жашап, ошол эки капчыгайга толгон малы бар экен. Байлар биринбири жакшы көргөн жок; ушунун малын мен ээлеп калсам деп, экөе тен өз ичинен ойлоп жүрдү.
Бул ортодо көп жылдар өтүп, эки байдын бирөө өлдү. Анын артынан зайыбы да өлдү. Алардын жалгыз уулу он эки жашка чыккан кезинде тоголок жетим калды. Жанаша турган бай ушундан пайдалангысы келнп, жетимдин малы менен мүлкүн бүт бойдон басып калмакчы болуп, жетимге минтип айтты:
— Сен балам, менин жарык дүйнедө жалгыз досумдан калган жалгыз жетимсиң. Ал эми өзүмдүн жалгыз уулум болсо, чоң кербенчилер менен бирге алыскы сапарга кетип, ошол бойдон кайткан жок. Ал балам өлгөн окшойт. Ошондуктан сен менин уулум бол. Өз атаңдан кем бакпасмын.
Мына ушинтип, жетимди өз балам кылып алдым деп, бай бүт айлына жар чакыртты. Жетимдин малы менен мүлкүн өзүнө бүт бойдон кошуп алды. Ушуну менен бул байдын байлыгы эки эсө көбөйдү; анан бай жетимден кантип кутулуунун жолун издей баштады.
Бөлөк байдын балдары менен бирге жетим молдонун колунда окуп жүрдү. Бир жолу окуудан кайра келатып, жолдо буту сынып калган баканы көрдү. Бала аны колуна алып, үйүнө алып кетмекчи болду. Бир аз баса түшкөндөн кийин, алды жагында турган арабаны көрдү; ал араба баткакка тыгылып калган зкен. Бала ушул баканын бутун сындырып кеткен дал ушул араба го деп ойлоду.
Бала арабанын жанына келип, анын ээсине минтип айтты:
— Сен эмне, сокур болуп калгансыңбы? Мына бул байкуштун бутун неге сындырып кеттиң?
— Мына кызык! Баканы жактай турган киши табылган турбайбы! Мунун сага эмне кереги бар? — деп арабанын ээси баланы катуу каарып, камчысы менен жондон ары тартып жиберди.
Бала ыйлаган жок. Баканы өзүнүн үйүнө көтерүп келип, бутун таңып тойгузуп, короонун ичинен кичинекей чуңкур казып, ал чуңкурга суу толтуруп, бакасын ошол сууга коё берди. Андан кийин күн сайын баканы жакшылап карап, курсагын ачырган жок.
Кийин бай асыранды баласы короонун ичиндеги көлчүккө күн сайын эки маал жүгүрүп барып жүргөнүн байкап калды. Анан бул бала эмне үчүн ушинтип жүргөнүн билмекчи болду.
Дагы бир күндөрдө бала молдосуна кеткенден кийин, бай акырын басып барып, көлчүктө эмне бар экенин карады: бака аркытерки сүзүп жүргөн экен.
«Бул бака мында кайдан келди? Ушуну менин асыранды балам алып келдиби» деп ойлоду бай.
Кечке жуук бала окуусунан келип, короонун ичиндеги көлчүкке дагы барды. Анын артынан бай кошо аңдып чыкты. Акырын гана карап турса, көлчүктен бака чыга келип, баланын берген азыгын жеп, кайра чулп этип сууга кирип кетти.
Бай буга аябай ачууланып, асыранды баласына минтип айтты:
— Мен сени бала кылып бактым элем; сени киши болобу деп ойлогом. Бирок сен менин ошончолук кызматымды барктаган жоксуң. Менин өзүмө жакшылык кылбай, мына бул жаман бакага жакшылык кылып, күн сайын эки маал тойгузуп жүргөн экенсиң. «Мал арыгын баксан. — ооз майлайт, киши арыгын баксаң — төбе кандайт» деген ушул. Сен эми менден таптакыр кеткин. Бакаңды көтөргүн да, көзүмө көрүнбей жогол!— деди бай каарданып.
Бала баканы колуна алып, башы ооган жакка кете берди. Ээн талаа — эрме чөлдө жүрүп отуруп, жолдо бир көлгө жолукту.
«Ушул көлгө баканы коё берейинчи, бул байкуш да эптеп оокат кылсын» деп ойлоп, бала баканы көлге коё берди.
Бака көлгө түшүп, бала менен коштошуп, сылыктүрдө адамча сүйлөп минтип айтты:
— Сен мени ажалдан куткарып калдың, мен да сага ошончолук жакшылык кылышым керек. Мына бул асыл ташты алгын. Эмнени кааласаң бул таш ошол тилегиңе жеткирет.
Ушинтип айтып бака кусуп жибергенде, оозунан кичинекей көкжашыл таш ыргып кетти. — Ал эми сенин мындан аркы жолуңду айтсам, мына мындай болот: көп күн жол жүргендөн кийин, жолдун эки, айрылышына кезигесиң: эгер. андагы чоң жолго түшсөң, алты ай бою тынбай басышың керек, бирок ал жол тынч жана сага зыян кылган эч нерсе болбойт; анын жанындагы тар жолго түшсөн, үч ай басасың, бирок ал жол эң эле коркунучтуу. Дал ошол тар жолдон коркпогун. Сенин колуңда көкжашыл асыл таш бар эмеспи. Бул таш бар кезинде, сен эч нерседен кор болбойсуң.
Бала бака менен жакшылап коштошуп, анан тынбай жүрүп отуруп, бака айткан жолдун эки айрылышына барды. Ырас эле бири чоң, экинчиси тар жол экен.
Баканын айткан осуятын эске алып, бала тар жолго кирди.
Жолунан ар кыл жырткыч айбандар чыгып, баланы качырып келип, бирок эч кандай зыян кылалбастан кайра кайтып турушту. Ошентип бала узак жол жүрдү. Анан бир жерге барып, бир аз тыныкмакчы болду. Дал ошол жерден жыландын сыйрылып калган кабыгын көрдү.
— Менин колумдагы асыл таштын күчү канчалык экеп, ушуну бир сынап көрөйүнчү,— деп бала колундагы көкжашыл ташты жыландын кабыгына тийгизди.
Жылан ошол замат тирилип чыга келди. Анан балага карап, минтип айтты:
— Сен мени тирилтип алдың. Дал ушул күндөы тартып мен сага түбөлүк дос болом. Менин айткан бул сөзүмдү көкүрөгүңө түйүп ал: качан мен керек болсом: кел, жыланым дейсиң; ошондо мен сага жетип келем.
Мына ошентип, жылан ез сырын балага бүт бойдон айтып берип, жолдон алыс сойлоп кетти. Бала өз жолун улантты.
Жолдо баратса, өлүп калган аары жатыптыр. Бала өзүнүн асыл ташын так ошол аарыга тийгизип, аны да тирилтип алды. Аары мурутунан бирди үзүп берип, балага минтип айтты:
— Эгер башыңа кыйын иш түшсө, менин ушул мурутумдун учун отко күйгүзгүн, ошол замат мен сага жардам бериш үчүн учуп жетем.
Бала дагы көп күнү жол жүрдү. Жолдун боюнда адамдын куурап калган башы жатыптыр. Бала ага езүлүп асыл ташын тийгизди эле, ал куу баш татынакай мырза жигит болуп тура келди.
Өзүнүн асыл ташьшын күчү аркылуу адамды да тирилтип алганы үчүн бала аябай кубанып, аны өз атасындай көрүп дагы жүрүп отурду.
— Сен мени кантип тирилтип алдың? — деп сурады мырза жигит, жолдо келе жатып баладан.
Бала өз сырын бүт бойдон айтып берди: баканы кандай кылып бакканын, ал бака буга көкжашыл асыл ташты бергенин, ошол асыл таш колунда жүргөнүн айтып өттү.
Жигит да өз сырын айтып, анын сыры мындай болуп чыкты: мунун атасы аябаган чоң бай экен, муну алыс жолго кербенчилер менен кошо соода кылып келүүгө жибериптир. Жолдо каракчылар кол салып, кербенчилердин малымүлкүн бүт бойдон тартып алып, өздөрүн өлтүрүп, ошол бойдон кайтып кетишиптир, кербенчилердин өлүгү талаада калган экен.
Ушул сөздөрдү айткандан кийин, жигит балага өзүнүн ыраазылыгын билдирип, мындан ары бала менен түбөлүк дос болууга убадасын берди.
Экөе дагы узак жол жүрдү. Бир түнү тыныгып жатканда, мырза жигит балага минтип айтты:
— Сен мага чыныгы дос экениңди аныктап керсөт: койнуңдагы асыл ташты менин колума бер, эртең кайра өзүңө берем.
Бала эч кандай шек алган жок, кекжашыл ташты койнунан сууруп, жигиттин колуна кармата салды.
Анын эртесинде бала ташты кайра сурады; жигит ташты бермек түгүл, жылмайып гана күлүп койду. Бул экөө дагы узак жол жүрдү, акыры ээн талааэрме чөлгө жетишти. Аябай суусап, каны катып баратканда, асманда учуп жүргөн карганы көрүштү.
— Суу жок жерде карга да жашабайт, жакын эле жерде суу болушу керек! — деп бала кубанычтуу кыйкырып жиберди.
Ырас эле бир аздан кийин терең кудукка жетип барышты. Кудуктун жанында узун аркан жатыптыр,.чака жок экен. Жигит балага минтип айтты:
— Сен менден кичүү эмессиңби, жана өзүң жеңилсиң, ошондуктан кудукка түшүп, калпагыңа трлтура суу сузуп чыккын; мен сени белиңен арканга байлап түшүрүп жиберип, кайра тартып алам.
— Менин калпагымдагы суу экеөбүзге жетеби? — деп сурады бала.
— Жетет, андан кеп суунун кереги да жок, — деп жигит бырс күлүп койду.
Бала оюна эч жамандык алган жок, ошол замат макул болуп, кудукка түшүп кетти. Анын калпакка толтуруп алып чыккан суусун жигит ала коюп, арканды коё берди: бала чулп этип кайра кудукка түштү.
Жигит кудуктан узап кеткенден кийин, бул жерге кербенчилер келди. Кербенчилер да суусаган экен. Кудукка чаканы салып суу алмакчы болгондо, кудуктун түбүндө жаткан баланы көрүп калышты. «Бул кандай бала?» — деп кербенчилер аңтаң болуп турган кезде, алардын башчысы минтип айтты:
— Бул баланы кудуктан алып чыккыла. Буга кимдир бирөө кастык кылып, кудукка таштап кеткен окшойт.
Баланы ошол замат кудуктан чыгарып алышты. Тамак берип, көңүлүн ачып, баланы бардыгы тең жактырышып, анан жүктүү төөгө мингизип өздөрү менен кошо алып кетишти.
Көп күндөн кийин кербенчилер чон, шаарга жетишти. Кербенчилер өз соодасын кылып жүргөн кезде, бала шаардын ичин көрүп чыкмакчы болуп кыдырып жүрүп, адашып кетти. Кербенчилер ошол бойдон аны таппай калып, ез жерине кайра кайтышып, бала чоң шаарда тентип жалгыз калды.
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, көчөнүн боюндагы теректин түбүндө алсырап турган кезде, анын бет алдынан аргымак атка минген, сонун кийинген, мурутун чыйраткан мырза жигит атын шыпылдата бастырып өтүп баратты. Бала жакшылап карай салса, ал жигит баягы досу экен, аны бул тирилтип алган.
Бала сүйүнген бойдон ага жүгүрүп барып, салам айтты. Жигит атына камчы уруп чү деген бойдон кетти.
Бала эч нерсени билген жок, так ошол турган жеринде катып калды. Кудуктун түбүнө таштап кеткен, анын үстүнө мунун колундагы асыл ташты алып кеткен жигит ушул экени баланын оюна келген да жок. Ал эми жигит болсо, асыл ташты алып, анан ушул шаарга келген; ташты ханга берип, хан муну жакшы көрүп, өзүнүн вазири кылып алган.
Жанагы жерде атына камчы басып, чапкан бойдон кеткен жигит кайра өзүнүн ханына келип, ханга минтип айтты:
— Биздин шаарда балакеттүү бала пайда болду. Аны сиз кандай да болсо жоготушуңуз керек. Ал баладан эч кандай жакшылык чыкпайт.
Хан ойлонуп калды. Анан баланы зындандын түбүнө таштагыла деп буйрук берди; зындан шаардын четинде эле.
Хандын буйругу ошол эле замат орундалды.
Мына ошентип бала зындандын түбүне жатып калды. Эми жыландын айткан кебин эсине салып, аны кайталап сүйлөдү. Бир аздан кийин жылан соймоңдоп келип, баладан эмне үчүн чакырганын сурады.
— Мен мында зындандын түбүнө түшүп калдым. Ушудан куткарбайсыңбы, — деп сурады бала.
— Бир кезде мени сен өлгөн жеримден тирилтип албадыц беле, — деп жылан жооп берди. — Эми мен да сага жардам кылышым керек. Хандын кызы катуу ооруп жатканын уккандырсың. Менин айткан дубамды эсиңе тутуп койгун. Ошол дуба менен сен хандын кызын айыктырасың. Ал кызды сенден бөлөк эч ким айыктыра албайт. Анын үстүнө мен азыр барып ал кызды чагып алам. Ошону менен ал кыз өлмөк болот. Так ошондо сенин пайдаң тиет. «Бул кызды мен айыктырам!» — деп так ушул зындандын ичинде кыйкыра бергин. Ошондо сени мындан чыгарып алып, хандын кызын көрсөтүшөт. Бул сөздү айткандан кийин, жылан балага езүнүн дубасын үйрөтүп, зындандан чыгып кетти.
Жылан хандын ордосуна сойлоп кирди. Төшөктө ооруп жаткан кызды чагып алып, ого бетер катуу оорутту, Хандын кызы эми елгүдей онтой баштады. Эл туштуштан чуркап келип, хандын кызы өлүү жагына ооп калганын байкап, аны сактап калыш үчүн дарыгерлерди издей башташты. Дарыгерлер көп келип, ар кимиси өз билген аракетин кылды, ал эми хандын кызы уламданулам оор онтоп, өлүүгө жакындап калды.
Ошондо хандын айласы кетип, өзүнүн элин карап минтип кыйкырды:
— Менин кызымды ким айыктырчу болсо, ошол кишиге дал ушул ооруп жаткан кызымды сөзсүз берем!… — деди хан.
Бул кабар элдин баарына угулду, ошонун ичинде мындай кабарды койчу да укту; ал өзүнүн коюн зындандын жанынан жайып өтүп баратып, хандын кызын айыктыра ала турган киши табылар бекен деп ойлоду. Ошентип кетип бара жатканда, зындандын ичинеи чыккан үндү укту. Зындандагы бала: «Хандын кызын мен айыктырам!» — деп кыйкырып жатат. Койчу токтой калды. Зынданга аркан салып, баланы сыртка чыгарып алды да:
— Сен аны айыктыра аларың чынбы? — деп сурады. Бала айыктыра турганын айтты.
Анан койчу баланы хандын ордосуна алып барды.
— Сен менин кызымды айыктыра аласыңбы? — деи сурады хан баладан.
— Айыктыра алам, — деди бала.
— Эгер айыктырчу болсоң, мен сага так ушул кызьшды берем, — деп хан баланы ооруп жаткан кыздын үстүнө алып кирди.
Бала өлгөнү жаткан кызды көрүп, ага жыландын үйрөткен дубасын окуду; ошол замат кыз тешектөн баш көтөрүп, айыгып чыга келди.
Хан аябай кубанып, баланы мончого гүшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмегө жаткырып койду.
Бул кабар хандын вазири болуп алган жигитке жетти. Ал ханга келип, даттанган түрдө минтип айтты:
— Таксыр ханым, сиз өзүңүздүн кызыңызды мына ушунтип тентип келген балага бересизби? Бул бала дайыны жок кайырчынын бири эмеспи?
— Мен өзүмдүн кызымды ким айыктырса, ошого бермек эмес белем. Бул убадам элдин баарына белгилүү. Ушул бала айыктырды, эми ушуга беришим керек, — деп хан терең күрсүнүп койду.
— Мунун айласын дагы эле болсо табабыз, — деди жигит. — Ошондой айланы тапкандан кийин, сиз өз кызыңызды өзүңүз каалаган бөлөк кишиге бересиз. Ал эми меннн оюм мындай: бул шаардан сиздин кызыңызга окшогон үч кыз таап, анан төрт кыздын үстүнө чүмбөт жаап, төртеен төрт арабага отургузуп коюңуз. Арабалар да, кыздардын үстүнө жабылган чүмбеттер да биринебири окшош болсун, ал түгүл чегилген аттар да окшош болсун. Мына ошондо жанагы балакеттүү бала төрт арабанын ичинен сиздин кызыңызды таап алсын, эгер таба албай калса, сиздин убадаңыз кайра кайткан болот да, кызыңызды өз каалаган кишиңизге бересиз.
Мытайым вазирдин бул ою ханга өтө жагып, ошол замат макул болуп, эмесе ушундай болсун деп айтты.
Булардын минтип ойлогон ою балага жетип, ал өзүнүн досторун чакырды. Оболу аарыны эстеп, анын берген кылын отко жакты.
Аары учуп келди, бала ага өзүнүн алабалын айтты.
Аары көпкө чейин ойлонуп туруп, анан балага минтип жооп берди:
— Кыздарды арабага түшүрүп, көчөгө алып чыккандан кийин, мени байкап тургун: мен хандын кызынын үстүнөн учам, ошондо ызылдап, сага үн берем. Сен түптүз басып келип, хандын кызынын арабасын токтот. Ошону менен хандын кызы сеники болот.
Мына ошеитип, көчегө төрт араба чыкты. Баланы жаңылтыш үчүн бир арабаны дагы кошушту. Кыздарды арабага түшүрүп, үстүнө чүмбөт жаап, орто ченде хандын кызын жөнөтүштү. Аары ызылдап так ортоңку арабанын үстүндө учуп бара жатты. Бала токтолбостон жүгүрүп барып, ортоңку арабаны кармап, арабанын үстүнө сскирип түшүп, кыздар менен бирге жол жүрүп, анан хандын ордосуна барып токтоду.
— Тагдыр ушул экен, — деди хан. — Менин кызымды ушул балага буйруптур, бөлөк эч айла жок.
Ошону менен хан балага атайын жаңы үй тиктирип, аны ошондо кийрип койду.
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө мытайым вазир келип кирди. Ал кирер замат баланын астында ыйлапсыктап, жалыныпжалбарып жатканын сырттагы сакчылар угуп турду. Сакчылар аны ханга айтып барышты. Хан вазирди өзүнө чакырып алды.
— Сен менин күйөө балама змне деп жалындың? — деп сурады хан.
— Сиздин күйөө балаңыз мен сизге берген асыл таш «меники» деп чатак чыгарып жатат, ошол себептүү аны менен айтыша кеттим, — деп вазир жооп берди.
— Эмесе аны.менен өзүм сүйлөшүп көрөйүнчү, — деп хан баланы өзүнүн үстүнө чакыртты.
Бала келип, хандын алдында бардыгын айтып еттү: баканы аман алып калганын, ал бака кекжашыл кичинекей асыл ташты бергенин, ошол таштын күчү менен капкачан өлүп, куураган башы калган жигитти тирилтип алганын, анан ошол тирилген жигит бул балаыы кудуктун түбүнө таштап кеткенин, андан кийин дагы эмнелер болгонун калтырбастан бүт бойдон баяндап өттү.
Бул сөздөрдү айтып бүткөнден кийин, вазир чыдап тура албай:
— Мунун баары калп! Бул бала жеткен мытайым! — деп кыйкырды.
Ошондо хан асыл ташты койнунан сууруп чыгып, вазирге: «сеемейүңдү ушул ташка тийгиз» деп буйрук кылды.
Вазир сөемейүн ташка тийгизгенде, анын сөөмөйү капкара көмүр болуп калды.
— Эми сен тийгиз, бала, — деди хан, балага карап. — Эгер сенин колуң кемүр болуп күйүп кетпесе, анда бул таш сеники. Ошондо мына бул визирдин колу да кайра өз калыбына келет.
Бала колун ташка тийгизер замат, вазирдин капкара кемүр болуп калган сеөмейү кайра өз калыбьша келди: ал эми баланын колу болсо өзүнүн мурдагы эле калыбында турду. Ошондо хан вазирдин калп айтканын түшүнүп, аны зындандын тубүнө салдырып койду. Балага өзүнүн кызын берди.