Сөзү : Аскар Исаевдики
Обону : Атайбек Бодошевдики
Закылдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.
Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.
Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.
Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл ээлеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да жүрөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.
Жакшы ырдады,обону дагы ыр дагы жакты
Жакты
Ыр Керемет,жан дуйнонду эс алдырат.
Айбек жакшы ырдайт, обону ыр абдан сонун чыгарган, Атайбек Бодошов
Сонун ыр
Катанар абдан коп.1)Закылдап эмес,ЗАКЫМДАП.тушуроп деген эмне соз?2)ТУШУМДО ЖУРОМ АРАЛАП.3)булдуркондукыдырып терет,сыдырым жел аламдын жузун сылайт.»Сыдырым» дегенди»кыдырып»ка алмаштыргыла.
Керемет уккан сайын уккун келетко
Сонун ыр экен
Тушуроп журсом деген не деген соз
Ищите в гугле